Ошто мыйзамсыз балык уулагандарга 7500 сом айыппул салынды
NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобу КР ЖРЭжТК министрлигинин Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Ош облусунун Ноокат районунун Найман, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычтарында жана жайлоолорунда атайын рейдер өткөрүлдү.
Ыкчам маалыматтардын негизинде уюштурулган рейддердин жүрүшүндө, Папан суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоого шектелип кармалган 2 жаранга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 266-беренесин 1-пунктуна ылыйык 2000 сом айып пул салынды.
Ошондой эле, Найман суу сактагычында балык уулоо эрежелерин бузуп, синтетикалык тор салып жүргөн бир жаран калмалып, ага карата да “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин атайын беренесине ылайык, 5500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Далил буюм катары 70 метр узундукта синтетикалык тор жана үйлөмө кайык убактылуу конфискацияланды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды алдын алуу максатында балыкчыларга жана чабандарга тушүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мыйзамдын талаптары туралуу маалыматтар берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.