Шашылыш билдирүү: 16-17-майларда абанын температурасы 40 градуска чейин ысык болот
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 16-17-майларында ысык аба-ырайы күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
"Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз",- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.