Шашылыш билдирүү: 30-мартка чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өлкө боюнча 28-мартта жана 29-мартка караган түнү туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаайт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймагында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу жолдордо кардан пайда болгон муз катмары жана тайгактык байкалат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, Ысык-Көл акваториясында 15-20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа кыймылына, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, ошондой эле малды жайытта багууга тоскоолдук жаратат.
Ошондой эле, 28-30-мартта түнкүсүн жана таң эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк ачылып калган бүчүрлөр, гүлдөр жана мөмө байлаган өсүмдүктөр, ошондой эле гүлдөгөн мөмөлүү бадалдар жана жемиш өсүмдүктөрү үчүн коркунуч жаратат.
Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 27-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли жогорулашы күтүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.