Чоң-Алайда жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

Чоң-Алай районунда жаш өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип жазды.
 
Алдын ала маалыматка караганда, бала Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясына чөгүп кеткен.
 
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү кабарлады.
 
2025-жылдын 4-май күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө  Чоң-Алай айыл аймагында жаш өспүрүм сууга түшүп окуя болгон жерде каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. 
 
«Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып тергөөгө чейинки  текшерүү иштери башталган.  Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине соттук медициналык экспертизанын өткөрүүдөн ата-энеси жана жакын туугандары баш тартышкандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген»,- деп айтылат маалыматта.
 
Учурда  тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз