Сапар Исаковдун иши Свердлов райондук сотунда каралат

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025-жылдын 29-апрелиндеги токтому менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун жана адвокаттын мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата кылмыш ишин кайрадан карап чыгуу жөнүндө өтүнүчү жаңы ачылган жагдайлар боюнча канааттандырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

 
Сапар Исаковго карата Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы өкүмдөрү жана Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы токтомдору жокко чыгарылды.
 
Кылмыш иши кайра каралышы үчүн башка курамдагы Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү.
 
Буга чейин аталган иш боюнча судья Иннара Гилязетдинова болгон.
 
Маалымат үчүн:
 
Сапар Исаков 2017-жылдагы редакциядагы Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, алты категориядагы жаза түрүндө 15 (он беш) жылга күчөтүлгөн тартиптеги жазык аткаруу жайында эркинен ажыратылган.
 
Ошондой эле ага 2015-жылдын 21-октябрындагы №208 Президенттин жарлыгы менен берилген өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык даражасынан, 2016-жылдын 18-июнундагы №143 Президенттин жарлыгы менен берилген “Манас” ордени II даражасынан ажыратуу жана мамлекеттик органдарда 3 жыл кызмат ээлөө укугунан ажыратуу жазасы берилген.
 
Жазык кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, анын убактылуу камакта отурган күндөрү жазасын өтөө мөөнөтүнө күнүнө эки күн деп эсептелет.
 
Жаза мөөнөтү 2018-жылдын 6-июнунан тартып эсептелет.
 
Маселенин тарыхы
 
2020-жылдын 22-июнунда Жогорку сот экинчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча чечимине каршы Жогорку сотко апелляция берген.
 
2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата кылмыш иши боюнча акыркы соттук отурум болгон. Сапар Исаковго 15 жыл кесүү жазасы күчүндө калтырылган.
 
2019-жылдын 6-декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковго 15 жыл жаза чектеген.
 
2018-жылдын 26-январында саат 18:00дө борбордогу ЖЭБде эски казандарга сууну берүүчү жабдуулардын убактылуу иштебей калышынан улам жүк көтөрүмдүүлүгү 340 МВттан 154 МВтка түшүп кеткен. Бул тууралуу “Улуттук электр станциялары” ААК социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
 
30-январда ЖЭБдин жаңы блогу ишке кирип, жылуулук система аркылуу берилгени кабарланган.
 
Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 14-майында атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен №2408-VI токтомун кабыл алган. Анда 2018-жылдын 26-январындагы Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин изилдөө жана Кытайдын TBEA компаниясы тарабынан 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндө берилген насыянын максаттуу колдонулушун иликтөө боюнча иштер чагылдырылган. Бул комиссия Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 31-январындагы №2221-VI токтому менен түзүлгөн.
 
2019-жылдын 14-февралында Башкы прокурор Откурбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Бишкек ЖЭБди модернизациялоодо TBEA компаниясына артыкчылык берүү фактысы боюнча 2018-жылдын 13-апрелинде кылмыш иши козголгон. Бул иш энергетика жана өнөр жай, финансы, юстиция министрликтеринин, “Улуттук электр станциялары” ААКнын жана башка мекемелердин айрым кызмат адамдарына карата козголгон.
 
Тергөө учурунда комплекстүү соттук-курулуштук жана техникалык экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча мамлекетке 5 млрд 439 млн 527 миң 482 сом (АКШнын 111 млн 252 миң 797 доллары) зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз