ЖКнын комитетти Руслан Мукамбетовдун коргоо министри кызматына талапкерлигин жактырды

Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитет Руслан Мукамбетовдун коргоо министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Буга чейин президент Мукамбетовду коргоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Коргоо министри кызматын мурда Бактыбек Бекболотов ээлеп келген, ал азыр Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
 
Мукамбетов буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы кызматын аркалаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз