Руслан Мукамбетов коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Мукамбетов Руслан Мустафаевич коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 15-майда Мамлекет башчысынын Администрациясы билдирди.
Мукамбетовдун талапкерлиги коргоо министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди.
Ал бул кызматта Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган Бактыбек Бекболотовду алмаштырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.