«Курал менен киришип, неберемди алып кетишкен»: Өзгөндүн тургуну 9 жыл мурун УКТнын мүчөлөрү тартып алган мүлкүн кайтарып берүүн суранды

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

2016-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү  үйүбүзгө кирип, ири суммадагы акчаны талап кылып, неберемди алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 21-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарынын тургуну Тожиборхон Алимбаева билдирди.
 
Анын айтымында, 9 жыл мурун куралдуу топ ири суммадагы акча талап кылып, небересин алып кетишкен. Ошол Ош шаарындагы участкасын берүүгө мажбур болушкан.
 
«2016-жылы август айында 4-5 бейтааныш адамдар үйүбүзгө келип, автоматтар менен келип, неберемди алып чыгып кетишкен. «Силер кимсиңер?» деп сурасак, «Камчы Көлбаевдин адамдарыбыз, Эркин Маматалиевдин балдарыбыз» дешкен. Алар ошол учурда бизден ири суммадагы акча талап кылышты. Бизде андай ири суммадагы акча жоктугуна байланыштуу Ош шаарындагы жер участогубузду бергенбиз. Аны алып, сатып жиберишкен. 
 
40 сотых жерибизди бүгүнкү күндө башка бирөөлөрдүн атында турат. Ал жерде автоунаа жуучу жай, склад, автоунаа оңдоочу жайлар, тигүү цехи, офисибиз бар эле. 
 
Учурунда бул боюнча бийлик органдарына кайрылган эмеспиз. Ал учурда бийликке ишеним жок эле. Убакыт келип, президент алмашып, кайрылууга мажбур болдук. 1 ай мурун УКМК арыз жазганбыз, бирок жыйынтык чыга элек. Ошондуктан, урматтуу президенттибиз С. Нуркожоевичтен, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтен ошол жерибизди кайтарып берүүнү суранабыз»,- деди ал.
 
Тожиборхон Алимбаев кошумчалагандай, аталган жер уулу  Асадулла Алимбаевдин атында болгон. УКТнын мүчөлөрү коркуткандан кийин баласы жерди башка бирөөнүн атына өткөрүп берген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз