Ошто эл аралык баңги тобунун иши токтотулуп, 2 тонна баңгизат каражаттары алынды
Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бажы жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте эл аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн токтотушту.
Аталган кызматтын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкөнүн түштүгүндө чет өлкөдөн баңгизаттарды алып келип, Кыргызстанга жеткирүү, андан ары өлкө аймагында, ошондой эле Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши аныкталган.
Лос-Анджелестен (АКШ) авиакаттам менен келген жүктү кароо учурунда «Манас» бажы постунун кызматкерлери ашкана буюмдарына окшоштурулуп, жашырылган жүктү табышкан. Анын ичинен жалпы салмагы 2 килограммдан ашкан төрт герметикалык вакуумдук баштыктарга салынган гибриддик марихуана («америкалык шишки») чыккан.
Ош шаарында баңги тобунун эки мүчөсү кармалган: Кыргызстандын жараны З.А.С. жана Россия жараны А.М.А. Кийинчерээк бул кылмыштуу схеманын уюштуруучусу жана көзөмөлдөп туруучусу делген Өзбекстан жараны Т.К.Т. кармалган.
Ош облусундагы эки дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү маалында атайын жабдуулар менен жабдылган эки нарколаборатория аныкталып, жок кылынды.
Ошондой эле Telegram мессенжеринде SAYONARA деген ник менен иштеген баңгизат сатуучу интернет-дүкөндүн иши токтотулду.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкүдөй заттар алынган:
- марихуана — 2 кг 858 гр;
- мефедрон — 586 кг 898 гр;
- прекурсорлор жана прекурсорго чейинки заттар — 1,5 тоннага жакын.
Тергөө иш-чаралары улантылып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.