Президент дарыгерлердин маянасы жогоруларын билдирди
Президент Садыр Жапаров дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу болорун жарыялады, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
13-майда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Сузак районундагы төрөт бөлүмүнө жана Эне менен баланы коргоо борборуна барды. Бул мекемелерде бейтаптар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн, ошондой эле медициналык жабдуулар менен камсыздалышы менен таанышты.
Садыр Жапаров мекеменин кызматкерлери менен сүйлөшүп, алардын айлыгы тууралуу кызыгып, жакын арада айлык маяналар жогорулай турганын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев медициналык мекеме кызматкерлерине кызматтык үй жана «ГИК» куруп жаткан батирлер берилерин кошумчалап, айлык фонд эки эсе көбөйөрүн билдирди.
2024-жылы дарыгерлердин маянасы эки этап менен жогорулаган — 1-июлда жана 1-сентябрда. 1-июлдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген айрым адистерге кошумча 20 миң сом өлчөмүндө компенсация каралган. Бул тез жардам дарыгерлерине, жалпы хирургдарга, анестезиолог-реаниматологдорго, педиатрларга жана клиникалык ординаторлорго тиешелүү болгон.
Экинчи этапта, 1-сентябрдан тарта, дарыгерлердин айлыгы 50%га, орто медициналык кызматкерлердики 20%га, кенже тейлөөчү персонал менен тез жардам айдоочуларыныкы 10%га көбөйтүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.