Рысгүл Акимжанова Эверестти багындырган экинчи кыргызстандык аял болду

27-май күнү, Непал убактысы боюнча таңкы саат 04:40та Рысгүл Акимжанова Эвересттин чокусуна (8848 м) чыгып, Кыргызстандын туусун көтөрдү. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Азыр ал тоонун төмөнкү лагерлерине түшүп келе жатат, деп кошумчалашты алар.
 
Буга чейин альпинист Асел Байбагышева Эверестке чыгып, кыргызстандык алгачкы аял катары Жер шарынын эң бийик чекитине жеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз