CAFA U-17: Кыргыз курамасы Өзбекстандагы оюнда Иранды утту
Кыргызстандын 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн куралган курама командасы CAFA-2025 мелдешинин тайпалык оюндарынны алкагында Ирандын курамасын 4:3 эсебинде утушту.
Оюн Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы стадиондо болуп өттү.
Биринчи таймдын 9-мүнөтүндө Элбек Төлөнов бир нече футболчуну жазгырып, эсепти ачты. 26-мүнөттө Байэл Мирланов эсепти эки эселентти. Буга жооп кылып, 2 мүнөттүн ичинде Иран курамасы 2 гол киргизишти.
Экинчи таймдын 50-мүнөтүндө Бекзат Казаков эсепти үч эселентсе, Иран курамасы эсепти дагы теңелтти.
89-мүнөттө Улукбек Ишенбаев кыргыз курамасынын төртүнчү голун киргизип, мелдешке чекит койду.
24-май күнү кыргыз курамасы Өзбекстан курамасы менен ойноп, 5:1 эсебинде утулган. Анда кураманын жалгыз голун Канатбек Рахатов киргизген болчу.
CAFA-2025 мелдеши 24-май күнү башталып, жаш "ак шумкарлар" "А" тайпасына жайгашка. Аталган тайпада Өзбекстан, Иран бар.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.