Ош: Мирлан Токтомушов кызматтан алынып, жаңы казы келди

Токтомушов Мирланбек Бакишович Ош шаарынын казылыгынан бошотулду. Буга чейин ал алдамчылыкка шек саналып кармалган.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, муфтий Ош шаарынын жаңы казысын дайындады – бул кызматка Самидин Атабаев келди.
 
22-май күнү Токтомушов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош казыятынын кызматкерлери мечиттер менен медреселердин кызматкерлеринен мыйзамсыз акча чогултуп турган. УКМК белгилегендей, бул аракеттер айрым казыят өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан улам жасалган жана казыяттын ишмердүүлүгүнө эле эмес, мамлекеттик органдарга карата да нааразычылыктарды жараткан.
 
Кийинчерээк Ош шаардык соту Токтомушовду үй камагына чыгарды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз