Ош: шаар аралап өткөн каналдардарга тамактануучу жайлардын саркынды суулары чыгып жатканы аталды
Бүгүн, 30-май күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбае, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибине төмөнкү маселелер коюлган:
- Ош шаарындагы тез татымдарды жасоочу коомдук тамактануучу жайларында (фасфуд, пицца, суши, лаваш, бургер ж.б.) Бажы Биримдигинин “Тамак-аштын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышы жөнүндө;
- Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын кадрдык иштеринин абалы жөнүндө.
Ош шаардык оорулардын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгер Жумали Абышев коллегия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.
"Урматтуу Жумали Исакеевич, Ошту аралап чыккан 5 канал бар. Ошол каналдан боюнда жайгаш коомдук тамактануу жайлар, ажатканалардын саркынды сууларды каналга агып турган. Ошону неге каргап эмессиздер?",- деди мэр.
Жумали Абышев ыйгарым укуктары чектелгенин белгиледи.
Жеңишбек Токторбаев: "Мал союучу жайлардын санитардык абалын ким карайт. Барсаңыз жагымдуу жыт чыгып жатат. Ошто канча мал союучу жайлар бар",- деди ал
Жумали Абышев: "5 мал союучу бар. Бул боюнча иштер жүрөт",- деди ал.
Жеңишбек Токторбаев: "Таштанды таштоочу контейнерлер, таштанды алынгандан кийин жагымсыз жыт келет. Ошол контейнерлерди жууп-тазалоо иштери жүрдүбү?",- деди мэр.
Жумали Абышев: "Эске алабыз",- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.