Оштогу коллегиялык жыйында тамактануучу жайлардын санитардык абалы талкууланды
Бүгүн, 30-май күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбае, вице-мэрлер, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибине төмөнкү маселелер коюлган:
- Ош шаарындагы тез татымдарды жасоочу коомдук тамактануучу жайларында (фасфуд, пицца, суши, лаваш, бургер ж.б.) Бажы Биримдигинин “Тамак-аштын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышы жөнүндө;
- Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын кадрдык иштеринин абалы жөнүндө.
Коллегиялык жыйында социалдык иштер боюнча вице-мэр Салтанат Аманов буларга токтолду.
"Ош шаардык мэриясынын 2025-жылдагы иш планына ылайык, тез татымдар боюнча санитардык гигиеналык абалдары боюнча маселе коюлду. Анын негизинде 1 ай бою рейд жүрдү.
2025-жылдын 4 айында тамак-аш аркылуу жугуучу оорулар өткөн жылга салыштырмалуу көп. Мисалга, батулизм боюнча 12 учур катталган. Бул өткон жылдын 4 айына карата 4 учурга көп.
Учурда Ош шаарында 400дөн ашык коомдук тамактануучу жайдары бар. Анын ичинен 108и тез татым бышырган жайлар.
Рейд учурунда комиссия өздөрүнүн сунуштарын берди. Анын негизинде, айрымдарынын иши убактылуу токтотулду.
Тамак-аш аркылуу жуга турган ооруулардын алдын алуу боюнча иштер жүрүп, жугуштуу оорулардын өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп өскөнү белгилүү болду.
Мындан улам шаардын аймагындагы коомдук тамактануучу жайларда тиешелүү иш-кагаздары боюнча, гигиеналык абалдары, техникалык коопсуздуктары боюнча, салыгы боюнча рейд жүрдү. Рейддин натыйжасында эки гана тамактануучу жай биз айткан талаптарга жооп берди. Калгандарында же санитардык абалы начар, же техникалык абалы начар, же кызматкерлердин реалдуу саны башка, отчетто башка болуп, бардыгын иретке келтирүү боюнча иштер жүрдү.
Ошондой эле, талапка жооп берген ажатканалар жок. Тамактануучу жайларда деле, эс алуучу жерлерде деле ушундай абал. Ошону үчүн рейд учурунда катуу талаптарды коюп, ар бирине талаптар иштелип, критерийлердин тартиби чыгып, тамактануучу жайларга илинди. Эгер алар аткарылбаса, аларды жабабыз.
Рейд учурунда көп жагымсыз нерсеге туш болдук. Санитардык-гигиена боюнча талаптарды сакташ керек. Айрым ашпозжор диний көз караштан улам, топуларды кийип, сакалдарды өстүрүп тамак жасоо иштери жүргөн.
Ошондой эле, ашпоздор устас-шакирт ыкмасы менен эле үйрөнүп, тамак жасап жатышат. Эч кандай окуулардан өткөн эмес.
Ош шаардык санэпид станциясынын маалыматына ылайык, пландык текшерүү коомдук тамактануучу жайларга жылына эки жолу чыгат.
Мындан тышкары, "Яндекс" кызматынын курьерлер Юго-Востокто "Юг-Экспересс" ишканасына катталганын, курьерлердин санитардык китепчелери, техникалык талаптарды сактабагандыгы аныкталды.
Курманжан Датка көчөсүндөгү тоок эттерин бышырган кафелердин иштери түшүнүксүз. Салык төккөн эмес, катталган эмес. Аларга 65 миң сом айып пул салынып, жабылары эскертилди. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат",- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.