Мигранттарга кулак кагыш: Өзүңүздү мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен текшериңиз

Иллюстрациялык сүрөт

Орусия Федерациясынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №272 Жарлыгы менен Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жүрүүсүн мыйзамдаштырууга берилген мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылды.

Орусияда жүргөн кыргызстандыктар Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө же чыкпай туруп өздөрүнүн укуктук абалын  жөнгө салууга милдеттүү экенин эскертебиз!
 
КРнын жарандары өздөрүн РФнын ИИМнин mvd.ru расмий сайтынан мыйзамсыз жүргөн жарандардын тизмесинен текшерип, эгерде өздөрүн тизмеден тапса, Орусияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен РФнын ИИМнин миграция суроолору боюнча аймактык бөлүмдөрүнө же РФнын ИИМине караштуу “Паспорттук-визалык сервиске” иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин көчүмөсүн тиркеп кайрылуу керек (миграциялык картанын арткы бетине Орусияда болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги койдурууну эскертебиз). Ошондой эле, медициналык кароодон, манжалардын издерин тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедураларынан өтүп, милдеттүү төлөмдөрдү төлөө керек. Карыздарды  fssp.gov.ru расмий сайттан текшерсе болот.
 
Арыз менен кайрылган учурда жарандарга административдик штраф белгиленет жана аларга карата административдик чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.
 
Урматтуу мекендештер, берилген мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, укуктук абалыңыздарды жөндөп алууга тиешелүү аракеттерди көрүүгө чакырабыз. 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген мөөнөт – акыркы мүмкүнчүлүк жана андан ары узартылбайт.
 
Суроолор боюнча КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп. 5, (метро Полянка). тел.: +7 996 968 98 97 (күнү-түнү иштейт); +7 925 030 26 27 (дүйшөмбү-жума, 09:00-18:00 МСК).

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз