Ош тарыхындагы поляк изи: "жарым мусулман" Громбчевский ким болгон?
Дүйнөнүн чатыры болгон Памир ХIХ кылымдын 80-жылдарында ошол мезгилдеги улуу державалар саналган Орусия менен Улуу Британиянын ортосунда таасир көрсөтүү аренасына айланат.
1880-жылдардын башталышында британиялыктар Памирге өзүнүн эмиссарларын, чалгынчыларын илимий изилдөөчүлөр түрүндө жөнөтө баштайт.
1887-жылдын аягында, Орусия императору Александр III (1881-1894) аскер министри П.С.Ванновскийге англичандардын Борбордук Азиядагы аракеттерине көз салуусун, аларды иликтөө, «керек болсо, аларды катураак тиштеп коюу» тапшырмасын берет. Министр бул маселени кол алдындагы генералдарга талкууга коет. Ошол кезде Генштабда иштеп жаткан генерал А.Н. Куропаткин бул тапшырманы аткарууга өзүнүн куралдаш жолдошу, эски таанышы Б.Громбчевскийди сунуш кылат. Поручик Громбчевский Петербурга чакыртылып, ага бул тапшырма императордун өзүнүн көрсөтмөсү жана ал өтө жашыруун экендиги түшүндүрүлөт. Ал Санкт-Петербург университетинин физика факультетинде кыска мөөнөттүү стажировкадан өтүп, геодезиянын негиздерин үйрөнүп чыккан. 1888-жылдын апрелинен тартып, Императордук орус география коомунун (ИРГО) анык мүчөсү болуп шайланган. Кыска мөөнөттүү теориялык даярдыктан өткөн Громбчевский ИРГОнун Кеңешине Канжутка (азыркы Хунза) экспедиция уюштуруу сунушу менен кайрылган. Орус география коому тарабынан колдоого алынып, ал ошол эле жылы уюштурулган. Инд дарыясынын башталышы болгон бул аймакка чейин 2284 верст (2436,5 км) аралыкты басып өтүп, мурда илимде белгисиз бир катар географиялык чекиттер, ондогон бийиктиктер аныкталган. Анын жүрүшүндө Жомолунгма чокусунан кийин турган илимде К2 деп аталган Балторо тоо кыркасында жайгашкан Чогории чокусуна түндүк тараптан байкоо жүргүзүп, анын бийиктиги 28 870 фут (8799м) экендигин тастыкталган.
Б.Громбчевский Хунзанын башкаруучу Сафдар-Али-хан тарабынан салтанаттуу тосуп алынган. Хан келген конокко Россиянын императоруна Хунзаны Россиянын карамагына кабыл алуу жана британиялыктарга каршы күрөшүү үчүн курал менен жабдуу өтүнүчүн айтып барууну суранган. Громбчевский Хунзага жасаган экспедициясы үчүн Орус география коомунун кичи алтын медалына татыктуу болгон.

Хунзунун княздыгындагы форпост, Пакистан.
Орус саякатчысынын Хунзага келиши британиялык Индияда Орусиянын Гиндикуштан аркы аймакка өз таасирин күчөтүүнүн аракети катары бааланып, 1989-жылы капитан Дюранд Сафдар-Али-ханды Британиянын көзөмөлүндө өткөндүгүн формалдуу түрдө таанытууга жетишкен. 1891-жылы декабрь айында Британия Хунзага аскердик жүрүш уюштуруп, кыска аралыкта Хунзанын бардык аймагы толугу менен Англиянын көзөмөлүнө алынган.
1889-1890-жылдары капитан Б. Л. Громбчевский аз гана казак-орустардын жана бир нече жергиликтүү жигиттердин коштоосу менен Гиндикуштун ары жагына жаңы экспедицияга чыккан. Бирок, Ооганстандагы ошол кезде түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу Б.Громбчевскийдин Кафиристан (азыркы Ооганстандын Нуристан провинциясы) өлкөсүнө болгон саякаты ишке ашпай калат. Экспедициянын жүрүшүндө Дарваз, Памир, Раскем, Кара-Таш дарыясынын башталышы жайгашкан аймактарга, Кашкардын түштүгүндөгү Жаркен, Хотан, Пулу тарапка жана Сарыколго саякат жасап, изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул экспедиция үчүн Б.Громбчевскийге подполковник чини кезексиз ыйгарылат, Орус география коому Б.Громбчевскийге сыйлык берүү маселесин маалыматтарды кайра иреттеп, иштеп чыккандан кийинки мезгилге калтырат.
Түркстан, Ыраакы Чыгыш, Астрахан
Б.Громчевский 1895-жылы Түркестан генерал-губернаторунун өзгөчө тапшырмаларын аткаруучу кызматкер болгон. 1896-жылы ага полковник чини ыйгарылган. 1896-жылы Громбчевскийге полковник чини ыйгарылары менен Ыраакы Чыгышка которулуп, Амур облусунун чек ара комиссары, 1898-жылы март айында түзүлгөн орус-кытай конвенциясынын негизинде Кытайдын аймагындагы Орусиянын жаңы түзүлгөн Квантун облусунун жарандык бөлүктүн комиссары, 1903-жылы апрелде Громбчевскийге генерал-майор чини ыйгарылып, 28-сентябрда Астрахандын губернатору кызматын аткарган. 1906-жылы 8-августта Громбчевскийге генерал-лейтенант чини ыйгарылып, ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан бошотулуп, 1910-жылга чейин Кытай-Чыгыш темир жолунун (КВЖД) жарандык бөлүгүнүн башчысы болуп иштеген.
Варшавага кайтып келүү
1910-жылы ал Варшавага кайтып келип, 1914-жылга чейин ошол шаарда жашаган. Дүйнөлүк биринчи согуш башталганда Петербургга чакыртылып, кайрадан аскердик кызматка алынат. 1917-жылы февраль революциясынан кийин Одесса аркылуу Анапага келип, Корнилов башында турган ак гвардиячылардын ыктыярдуулардын армиясына кошулат. Граждандык согуш мезгилинде генерал Деникин тарабынан Ыраакы Чыгышта согуш аракетин жүргүзүп жаткан Колчактын армиясына жөнөтүлөт. Чыгыш фронтундагы катастрофадан кийин 1920-жылы Япония жана Лондон аркылуу Варшавага келген. Польшага кайтып келгенден кийин ал мамлекеттик метеорология институтунда иштеген. Андан кийин польшалык аскердик окуу жайларында аскердик география боюнча лекция окуган. Б.Громбчевскийдин илимий эмгектери жана ишмердүүлүгү Польшанын геосаясий мектебин түзүүгө өбөлгө түзгөн жана өз заманында саясий процесстерге таасирин тийгизген.
Көп жыл жатып, жарык көргөн эмгек
Бронислав Людвигович Громбчевскийдин Борбордук Азияга жасаган экспедициясынын материалдары Советтик Орусиянын архивинде калып калгандыктан, ал өз саякатын эскерүү формасында гана жазганга мажбур болгон. Анын бул эмгектери 1925-жылы Польшада басылып чыккан.
Геостратегия, геосаясат жана геостратегия сыяктуу илимий сабактардын негиздеген башка өлкөлөрдүн илимпоз окутуучулардын катарында турган саякатчынын 1888-жана 1889-1890-жылдардагы жасаган экспедициясы тууралуу эмгектери көп жылдар бою архивде жатып, Орусияда 2015-жылы гана жарыкка чыккан.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.