Жогорку Кеңеш жыйынга чогулду. Түз эфир
Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынынын күн тартибинин долбоору:
1. 2025-жылдын июнь айына карата Жогорку Кеңештин иш мерчемин бекитүү жөнүндө
2. Ар түрдүү маселелер
3. 2025-жылдын 28-майындагы № 3105-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан «Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө
4. 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 3022-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан Жер кодексинин макулдашылган варианты жөнүндө
5. 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 3023-VII токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө
6. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (үчүнчү окуу) (демилгечи — Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-1581/25, 20.02.2025)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору (үчүнчү окуу)
8. «Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен пакеттеринин жана пластикалык буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (үчүнчү окуу) (демилгечилер – Маматалиев М.А., Сулайманов Э.Н., Бекешев Д.Д., кат. № 6-1329/25, 13.02.2025)
9. «Борбор шаардын макамы жөнүндө» жана «Ош шаарынын макамы жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (үчүнчү окуу) (демилгечилер – Ажибаев Ч.И., Атажанов Ы.Ы., Жакышов Р.Ш., Самаков К.К., Ашимова Д.А., Марипов Б.А., Козуев А.А., Маматалиев М.А., кат. № 6-12308/24, 18.12.2024)
10. «Нотариат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (экинчи окуу) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-2157/25, 10.03.2025)
11. «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору (экинчи окуу) (демилгечилер – Бекешев Д.Д., Раимбачаева В.К., Ашимова Д.А., Айдарбеков Ч.А., Масабиров Т.А., Талиева К.А., Исатбек кызы А., Мамашова А.Т., кат. № 6-12501/24, 20.12.2024)
12. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (экинчи окуу) (демилгечи – Төлөнов Д.Э., кат. № 6-2948/25, 02.04.2025)
13. «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (экинчи окуу) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-792/25, 30.01.2025)
14. «Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» мыйзам долбоору (экинчи окуу)
15. «Бузуулар жөнүндө кодекске» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (экинчи окуу) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-1982/25, 04.03.2025)
16. Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору (биринчи окуу) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-4499/25, 21.05.2025)
17. Жазык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу) (демилгечилер – Омурзаков С.А., Марипов Б.А., кат. № 6-4490/25, 20.05.2025)
18. Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу) (демилгечилер – Омурзаков С.А., Эгембердиев А.А., Марипов Б.А., кат. № 6-4491/25, 20.05.2025)
19. Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин төрагасы, кат. № 6-3938/25, 29.04.2025)
20. 2015-жылдын 15-сентябрындагы ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик жүктөрдү жана күчтөрдү ташууда кызматташуу жөнүндө келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору (биринчи окуу)
21. 2010-жылдын 10-декабрындагы ЖККУнун биргелешкен коопсуздук күчтөрүнүн макамы тууралуу келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча Протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу)
22. Интернеттеги порнографиялык мүнөздөгү контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу)
23. Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу)
24. Кредиттик маалымат алмашуу жана өз ыктыяры менен кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу)
25. «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору (биринчи окуу)
26. Президент тарабынан каршылык менен кайтарылган «Калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.