Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды

Мурунку Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды. Маалыматты Бишкек шаардык соту тастыктады, деп жазат "Сводка АКИпресс"

2025-жылдын 15-майында Октябрь райондук сотунун токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Көзөмөл кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
 
Абжалиевге карата "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 13-июлга чейин камакта кармоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
 
2022-жылдын февраль айында Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалган болчу. Кийинчерээк УКМК ал иш боюнча 1,2 миллион доллар өлчөмүндөгү чыгымды кайтарып бергенин билдирип, андан кийин ал камактан бошотулган.
 
Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болуп эсептелет. Анын уулу Атабек Абжалиев Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шариповага үйлөнгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз