Бүгүн футбол боюнча улуттук курама Түндүк Кореяга каршы ойнойт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 4-июнда 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында кезектеги оюнун өткөрөт.
Тандоо турундогу А тайпасынын 9-турунда Максим Лисицин жетектеген команда Түндүк Кореянын курама командасы менен беттешет. Оюн Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы нейтралдуу стадиондо өтөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:15те башталат.
Кыргызстан менен Түндүк Корея 15-ноябрда Бишкекте беттешип, анда кыргызстандыктар коргоочу Христиaн Браузманын голу менен 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
8 турдун жыйынтыгында Кыргызстандын эсебинде 6 упай бар жана команда А тайпасында 5-орунда турат. Бул көрсөткүч менен кийинки этапка чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турат.
Бүгүн биздин тайпада дагы бир оюн өтөт – Абу-Даби шаарында БАЭ менен Өзбекстан командалары беттешет. Эгерде өзбекстандыктар уттурбаса, финалдык баскычка чыгышат.
А тайпасынын 9-турунун оюндарынын жадыбалы:
22:00 – БАЭ – Өзбекстан
00:15 – Түндүк Корея – Кыргызстан
00:15 – Катар – Иран
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.