Алайда оор жүк ташуучу автоунаалар кагылышып, эки адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт

Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 106-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаалар кагышып, эки адам каза болду.  Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы окуянын күбөлөрүнө шилтеме берип жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, үч оор жүк ташуучу автоунаанын кагылышынан улам, эки адам каза болгон.
 
Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, 2025-жылдын 13-май күнү саат 16:20 чамасында Ош-Сары-Таш Эркештам Эл аралык маанидеги автоунаа жолунун 106-чакырымында т.а. Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу айыл аймагынын Мазар-Булак айылында 1984-жылы туулган У. Ж. А өзүнүн сол рулдуу башкаруусундагы "Волво FH-13.500" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасын Ош шаарынан Эркештам багытын көздөй бара жатып, Ош-Эркештам авто жолунун 106-чакырымынын 300 метринде ушул эле багытта бара жаткан, Алай районунун Талды-Суу айылынын тургуну  - 1982-ж.т Ш. М. А.нын сол рулдуу башкаруусундагы "Донфенг" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаадан озуп өтүп жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Кара-Суу районунун Баш-Булук айыл аймагынын Талдык айылынын тургуну - 1990-ж.т А. К. А.нын   сол рулдуу "Волво FН" үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышуу жасап, автоунаа жолунун оң тарабына өтүп токтогон. 
 
Ал эми К.А.нын оор жүк ташуучу автоунаасы М.Ш.нын башкаруусунда келе жаткан "Дофенг" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу авто унаасы менен кагылышкан.
 
"Волво FH" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунанын айдоочусу К.А окуя болгон жерде каза болгон. 
 
Алай райондук ооруканасына "Дофенг" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу Ш. М. А., жүргүнчүсү Алай районуну Жылы-Суу айылынын тургуну -  1996-ж.т К. Б. А., "Волво FH-13.500" оор жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу Ж. У. жана Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылынын тургуну - 1983-жылы туулган А. А жеткирилишкен. 
 
Ал эми денесинен алган жараатынан улам Чүй облусунун Чалдыбар айылынын тургуну А.А. Алай аймактык ооруканаасында каза болгон. Текшерүү иштерин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз