Кыргыз футбол биримдигине мүчө болгон футбол уюмдардын саны 30га жетти
Бүгүн, 2025-жылдын 10-июнунда, Кыргыз футболдук биримдигинин Кезектеги Конгресси болуп өттү. КФСтин жогорку органынын жыйыны «Технопарк» имаратында өттү, деп билдирди Кыргыз футбол биримдиги.
Конгресске футбол лига, футбол клубдар, аймактык ассоциациялар жана өлкөдө футболду өнүктүрү боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзгөн КФБ мүчөлүгүнө кирген башка уюмдардын өкүлдөрү катышты. Азия футбол конфедерациясынын адиси Йогеш Десаи Конгресске байкоочу катары катышты.
Конгресстин бекитилген күн тартибине ылайык, КФБнын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт угулуп, кабыл алынды. Ошондой эле өткөн жыл үчүн каржылык жана аудиттик отчёттор да бекитилди.
Жыйындын алкагында КФБнын жаңы түзүлгөн Көзөмөл, текшерүү жана аудит комитетинин мүчөлөрүн шайлоо өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында комитеттин курамына төмөнкү мүчөлөр кирди: Кенжетаев Аскар Салымбекович, Таиров Жаныбек Нарынбекович, Акунбеков Эркинбек Замирбекович.
Ошондой эле жаңы Шайлоо комитети шайланды. Анын курамы: Осмонов Мурат Мукашбекович, Аманбаев Ергали Увасипович, Орехов Александр Дмитриевич.
Конгресстин негизги суроолорунун бири болуп «ОшМУ» жана «Мурас Юнайтед» футбол клубдарынын КФБ мүчөлүнүнө кабыл алуу тууралуу кайрылуусу каралды. Бул маселе добуш берүүгө коюлуп, делегаттар клубдарды кабыл алууну бир добуштан колдошту. Натыйжада, КФБ мүчө болгон футболдук уюмдардын жалпы саны 30га жетти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.