Аравандын тургуну мыйзамсыз курал сактоо боюнча шектелүүдө

Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнө  “К” аттуу жара ок атуучу куралын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. 

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 
 
"Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Анын жүрүшүндө Араван районунун тургуну Ж.К.нын кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, анын көрсөтмөсүнүн негизинде курулушу бүтө элек турак үйдүн жер төлөөсүнө кароо жүргүзүлүп, 1 (бир) даана ок атуучу курал кутучасы менен табылган",- деп айтылат маалыматта.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон Араван районунун тургуну - 1983-жылы туулган Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 
 
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз