Кайнатасын өлтүргөн келин 15 жылга абакка кесилди

Иллюстрациялык сүрөт

2024-жылдын август айында кайнатасын өлтүрүүгө шектелип кармалган келин 15 жылга камалды. Аны менен шерик катары кармалган дагы бир жаран да 15 жылга камалганы белгилүү болду.
 
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун 2025-жылдын 11-июнундагы токтому менен С. к. Р. жана Н.А. С. тууралуу Ош облустук сотунун  кылмыш-жаза иштер жана укук бузуулар жөнүндө  иштери боюнча  соттук коллегиясынын 2025-жылдын 10-мартындагы өкүмү күчүндө калтырылды.
 
«Ош облустук сотунун соттук коллегиясы экөөнө тең 15 жылдан абак жазасын берген»,- деп айтылат маалыматта.
 
2024-жылдын 30-август күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында 1997-жылы туулган келин пикир келишпестиктен улам кайнатасын бычак менен сайып алган. Кийинчерээк бул кылмышка шектелип Кара-Суу районунун дагы бир тургуну кармалган.
Аталган келиндин күйөөсү аялын ойношу менен кармап алган атасын алар өлтүрүп койгонун айтып чыккан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз