Кара-Суу: каналдан адамдын сөөгү табылды
Ош облусунун Кара-Суу районунун караштуу Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалыматка карганда, адамдын сөөгү 11-июнь күнү табылган.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, 2025-жылдын 11-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Ачы айылындагы каналдан 35-40 жаштагы азият түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылганнын билдирди.
«Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтык электрондук журналына катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.