Кара-Сууда 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалды
Иллюстрациялык сүрөт
18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жарандар эки айга камалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Турмуш» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук соту тарабынан Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган Дж.С. жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган А.Бнын баш коргоо чарасы каралып 2 айга камак түрү тандалган.
«25-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Отуз-Адыр айыл аймагынын 2007-жылы туулган А. А. (аял киши) аттуу тургуну белгисиз адам тарабынан денесинен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.
Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө ушул эле күнү кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган Дж.С. жана Жалал-Абад облусунун 2009-жылы туулган А.Б.аттуу жарандары кармалган.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Кара-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-апрелиндеги токтомдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кылмыш-ж кодексинин 122-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 7,15,16-пункттарында каралган кылмыш боюнча шектүүлөр А.Б.М. жана Дж.С.Н. карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү 2 (эки) айга, тактап айтканда 2025-жылдын 25-июнуна чейин тандалган», - деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.