УКМК Бишкектеги 2ГИС компаниясынын кеңсесине мөөр басты

Сүрөт: "Тазабек".

УКМК Бишкектеги 2ГИС компаниясынын кеңсесине мөөр басты. Бул тууралуу 13-июнда белгилүү болду, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
 
Бул чара Башкы прокуратуранын онлайн-маркетинг, навигация жана тиркемелерди иштеп чыгуу тармагындагы ири компания тарабынан салыктан качуу фактысы тууралуу жакында тараткан расмий билдирүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
 
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аты аталбаган компания мамлекетке 57 миллион сом салык төлөгөн эмес. Ведомствонун билдиришинче, бул компания узак убакыт бою бюджетке төлөмдөрдү төлөбөй келген. Бирок анда компаниянын аталышы ачыкталган эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз