"Эч кимге кечирим болбойт": Президент жаңы министрлерди татыктуу иштөөгө чакырды
Эгер жаңы министрлер туура эмес иштер менен алектенсе, чаралар көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Эч кимге ырайым болбойт. Жыйынтык чыгаргыла жана иштегиле», – деди ал.
Бүгүнкү жыйында жети министр ант беришти.
«Силер бараткан министрликтерде иштер көп. Биз силерди министр кылып дайындадык, силердин күчүңөргө, акылыңарга ишенип. Силер депутаттардын жана элдин алдында ант бердиңер. Бул антыңарды унутууга болбойт», – деди президент.
Ал министрлер жакшы иштесе, эл аларды колдой турганын белгиледи. «Эгер башка ой менен келип, өз кызыкчылыгыңарды ойлоп, коррупцияга аралашсаңар, анда эл алдында шерменде болосуңар, силер тууралуу да, туугандарыңар тууралуу да жаман сөздөр гана калат», – деп эскертти ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.