Ошто оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каза болду

Сүрөт: Ош шаары, "Сымбат" соода үйү.

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жол четинде, унаасынын ичинде каза болгону айтылууда. Бул тууралуу "Турмуш" өздүк булактарына таянып жазды.
 
Алдын ала маалыматка караганда, окуя бүгүн, 18-июнь күнү саат 11:00 чамасында болгон.
 
Анда А. Масалиев проспектисинин “Сымбат” аялдамасынын жанында унаасынын ичинде айдоочусу каза болуп калган.
 
Ош шаардык тез жардам кызматынан кабарлашкандай, тез жардам барганга чейин айдоочу каза болуп калган.
 
Ош ШИИБ маалыматты тастыктап, каза болгон жарандын өздүгү аныкталганын билдирди.
 
“Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда 2025-жылдын 18-июнь күнү саат 12:40 чамасында Ош шаарынын А. Масалиев проспектисинин “Сымбат” аялдамасынын жанында “Shacman” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу, азият түспөлүндөгү болжол менен 40-45 жаштагы каза болуп калгандыгы билдирген”,- деп айтылат маалыматта.
 
Милиция кошумчалагандай, алдын ала маалымат боюнча айдоочунун жүрөгү кармап калган.
 
“Айдоочу 1980-жылы 29-октябрда туулган, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Беш-Мойнок айылынын тургуну экени аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз