Жалган документтер менен банктардан 10 млн сомдук насыя алышкан. ИИМ бул кылмыш иш тууралуу маалымат берди
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда жасалган ири өлчөмдөгү зыян келтирилген мыйзамсыз аракеттердин фактылары аныкталды. Бул фактылар боюнча Кара-Суу районунун үч тургуну, анын ичинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин (азыркы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги) филиалынын кызматкери кармалып, жоопко тартылып жатышат.
ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн материалдар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунунда 2018-2023 жылдар аралыгында бул адамдар турак жайга ээлик укугун тастыктаган бир катар документтерди бурмалашкан. Ошол эле учурда, Кадастр мамлекеттик мекемесинин филиалынын кызматкери тарабынан ырастоочу документтер берилген.
"Чындыгында жер тилкелеринде жашоого жарактуу эч кандай турак жайлар, курулуштар болгон эмес.Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо), 209-беренеси (алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш иши, Ош облусунун ИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергелүүдө.Жабыркагандар каржы мекемелери (үч банк), ошондой эле 15 жаран.Кылмышка шектелип жергиликтүү үч тургун кармалган, алар Кадастр" мамлекеттик мекемесинин райондук филиалынын адиси, ошондой эле эки жаран кармалган",-деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын башында Кара-Суу районунда ушундай эле мыйзамсыз бир нече фактылары боюнча бир топ адамдар кармалган. Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери менен айыпталууда. Кеп коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо, ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча 49 эпизод жөнүндө болуп жатат.
Бул иш боюнча жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын жана Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы жана иштеп жаткан кызматкерлери, ошондой эле банктардын биринин бөлүм башчысы кармалышкан. Жалпысынан 10дон ашык адамга айып тагылды. Алардын ичинен 5 адам камакта. Алар келтирген зыян ондогон миллион сомго бааланууда.
Бул кылмыш ишитери боюнча Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп, тергөө иштери аяктап соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда сот процесси жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.