Ала-Тоо аянтындагы Манаска арналган эстеликтин жаңы постаментинин бийиктиги 22,7 метрди түзөт
Ала-Тоо аянтында Манас эстелигинин постаментинин реконструкциясы уланууда, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Шаар мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда жабуу плитасын, каптоо элементтерин, эстеликтин өзүн жана негизин демонтаждоо иштери аткарылды.
Долбоордук документацияга ылайык, постаменттин бийиктиги 22,7 метрди түзөт (мурун 17 метр болгон), туурасы 6,2 метрден башталып, акырындап 2,5 метрге чейин тарыйт. Эстеликтин бийиктиги 10,3 метрге жетет.
19-июнда шаар мэри Айбек Жунушалиев курулуштун жүрүшүн текшерди.
Курулуш иштерин «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын жана объектини белгиленген мөөнөттө тапшыруу шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.