Бишкекте 2013-жылы чыккан соттун өкүмү актарылбай келген. Сот аткаруучулар бир үй-бүлөнү мажбурлап чыгарган
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү карызкорлордун үй-бүлөсүн башка турак жай бербестен, мажбурлап үйдөн чыгарышты. Бул тууралуу 23-июнда Сот департаментинин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Кийинчерээк милиция учурдагы үй ээлери бул үй үчүн мурдагы тургундар менен соттошконун тактады.
Үйдөн чыгаруу чечими Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан 2013-жылдын 18-июнунда чыгарылган. Бирок үйдө жашап жаткан адамдар ар кандай себептерди айтып, чечимди аткарууга тоскоолдук кылып, өз ыктыяры менен үйдү бошотуудан баш тартышкан. Ушул себептен улам үйдөн чыгаруу бир нече жолу артка жылдырылып, созулуп кеткен.
Акыры 2025-жылдын 10-июнунда үй-бүлөнү (жалпы алты адам) мажбурлап үйдөн чыгаруу боюнча материалдар сот аткаруучуга өткөрүлүп берилген.
Сот аткаруучулар кызматы билдиргендей, мажбурлап чыгаруу учурунда карызкорлор жана алардын туугандары каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, коркутуулар болгон. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин үй-бүлөнү үйдү таштап кетүүгө көндүрүшкөн.
Мажбурлап чыгаруу иштерин камсыз кылууда сот аткаруучуларга милиция кызматкерлери, сот приставдары жана ӨКМ өкүлдөрү атайын техника менен жардам беришкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.