"Уялышыңар керек": Ташиев Чүйдөгү аким жана мэрлерге 3 күн убакыт берди
24-июнда Токмок шаардык мэриясында өткөн жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевди сындады, деп жазат "АКИпресс".
Ташиев Жумагазиевди облустагы абалга кызыкпай жатканын, райондорго чыгып текшерүү жүргүзбөгөнүн айтып айыптады.
«Мен аймактарды кыдырып турам», – деп жооп берди Жумагазиев.
«Кайсы жерлерди кыдырдыңыз? Эгер чын эле жер-жерлерге чыгып жүрсөңүз, эмне үчүн Токмокко көңүл бурган жоксуз?» – деп суроо салды УКМК төрагасы.
Андан кийин ал иштегиси келбеген мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан кетүүгө чакырды.
«Уялышыңар керек, иштеш керек. Эгер иштегиңер келбесе — кеткиле! Урматтуу президенттин өкүлү, акимдер, Чүй облусундагы шаар мэрлери, силерге үч күн убакыт берем: иштегиңер келбесе — кеткиле. Эгер колуңардан келбесе, кантип иштешти билбесеңер — арыз жазып, кызматтан кеткиле. Угуп жатасыңарбы? Үч күндүн ичинде чечкиле. Силердин ордуңарга иштей турган жигиттер менен кыздар келет», – деп жыйынтыктады Ташиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.