УКМК ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерин кармады
26-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы милициянын капитаны, ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери кармалганын билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Буга чейин ЖМКларда жаштардын ортосундагы жаңжал тартылган видео жарыяланган. Кадрларда эркек киши тааныш кызын бетке уруп жаткан учур көрсөтүлгөн. Анда Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы Н.к.Н. 17-июнда милицияга кайрылганын, бул факт боюнча алдын ала текшерүү башталганын, кийин материалдар прокуратурага өткөрүлгөнүн маалымдаган.
УКМК билдиргендей, окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгон. Милиция кызматкери Р.О.Б. мас абалда арыздануучуну урган. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча каттоо жүргүзүлгөн.
УКМК жана Бишкек шаардык ИИББдин Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери укук коргоочуну кармап, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизишкен.
Басма сөз кызматынан белгилешкендей, милиция кызматкерине 2024-жылдын июнунда медицина кызматкерин сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.
Акмарал Тулегенованын айтымында, 2024-жылдын 20-июнунда анын апасы — ошол учурда №3 ооруканада гинекология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген — кармалган милиция кызматкери тарабынан катуу түртүлгөн.
Анда да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголуп, иш учурда Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.