Аутизмге каршы күрөш: кыргызстандык эненин жеке трагедиясы коомдук ишке айланды

Акыркы бир нече жылда көп ата-энелер балдары аутист болуп же өнүгүүсү арта калып жатканын айтып чыгышууда. Мындай фактылар көбөйгөн сайын балдарды өнүктүрүүчү борборлордун саны да өсүүдө. Деген менен аталган борборлордун канчасы эффективдүү иш алып барууда? Канчасында канча балага жардам болду? Албетте, мындай суроолор жаралган сайын көпчүлүк балдары үчүн татыктуу тарбия бере алган борборлорду издейт. 

Бул жолу биз «АВА-Умняшка» борборунун негиздөөчүсү жана директору болуп ийгиликтүү иш алып барып жаткан Алтын Базарбаева менен кыскача маектештик.
 
 
Алтын Базарбаев - 1987-жылы 14-июлда Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында туулган. Аталган айылдагы № 6 Т.Асранов атындагы орто мектебинде 7-классты аяктап, Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы лицей-мектебинде окуп, кызыл аттестат менен аяктаган. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Базарбаева лицейде окуп жүргөн учурда эле англис тилин мыкты өздөштүргөн. Ал жерде 10-класста окуп жүргөн учурда англис тили боюнча Республикалык олимпиада 4-орунду алган. Маектешибиз балалык кезинде поэзия дүйнөсүнө кызыгуусу артып, ошол кездеги телеканалдардын биринде ар дайым обого чыгып туруучу «Рабаят» телеберүүсүнө ыр жазып, анысы сыналгыга жарыяланып турган.
 
2005-жылы Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетине бюджеттик негизде өтүп, англис тили боюнча терең билим алып, жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. Учурда каарманыбыз кыргызча, орусча, англисче эркин сүйлөйт. Ал эми немис жана француз тилдерин сөздүк деңгээлде билет.
Алтын Базараеванын атасы Абжапар Базарбаев көп жыл боюнча айыл өкмөттүн почта башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген. Апасы Алима Дүйшеева айылдагы ооруканада 40 жыл бою акушер болуп иштеген. Базарбаева 6 бир туугандын эң кенжеси (5 кыз, 1 уул).
 
 
2005-жылы тумуш жолуна аттанып, жолдошу экөө 3 кызды тарбиялап жаткан учуру. Анын ортончу кызы аутист.
 
Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин каарманыбыз Ош шаарындагы № 7 Нажаф Нариманов атындагы мектеп-гимназиясында иштей баштап, 2024-жылы «АВА-Умняшка» борборундагы жумуштарына байланыштуу иштен кеткен. 
 
Маектешибиз баласын тарбиялоо үчүн мүмкүн болгон бардык иштерди жасап көргөн сейрек адамдардын бири. Сейрек дегенибиздин себеби, Алтын Базарбаеванын ортончу кызына дарыгерлер «аутизм» деген диагноз койгонго чейин, кызын алып барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Аягында каарманыбыз балдарды өнүктүрүү курстарына, 2 жылдык сабактарга катышып жүрүп, бул жаатта дасыккан адис болуп жетишкен.
 
«Бул жолго мен капысынан эле келип калган жокмун. Канча кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Ошондой эле, бул жолдо адашып, башка иштерди жасап жүргөн ата-энелер бар экенин түшүндүм. Аутист балдары бар ата-энелерге комплекстүү жардам керек экенин түшүнүп, ушул борборду ачууга мажбур болдум. Кызым 8 жаш учурунда аутист экенин билгенбиз. Ошол учурда Бишкекте болчубуз. Бишкектеги борборлор «кеч болуп калды, албайбыз»,-дегенден кийин аргасыз ушул борборду ачууга мажбур болдум.
 
Өзгөчө балдар менен жашаган ар бир күн - улуу жеңиш, чоң жоопкерчилик. Кызым 12 жашка чыккан болсо, 12 жылдан бери аутизм менен жашап келем жана кызымдын муктаждыктарын түшүнөм. Мындан улам мен АВА терапияны тандап алдым. Себеби, АВА терапия биздин кызыбыз – Элинага өтө чоң жардамын тийгизип жатат», - деди ал.
 
Алтын айым өзү жетектеген борбордун баалуулугу – балдардын потенциалын ачып, жашоого адаптациялап, келечекте кайсыл бир кесипке даярдоо экенин айтып, борбордон тарбияланган балдар өз чөйрөсүнө ыңгалашып кетерине ишенерин белгиледи.
«Биздин эң башкы баалуулуктарыбыз кандай? Бул өзгөчө балдардын потенциалын ачып, аны кең келечекке даярдоо, кайсыл бир кесипке үйрөтүүгө ишенет элем. 
 
Борборубузда кандай багыттар бар? Бизде комлекстүү ыкмалар колдонулат. АВА терапия деп коет, ал - бир гана аутизми бар балдарга гана эмес, сүйлөөсү кечиккен, аң-сезими артта калган балдарга да жардам берет. Бул - өтө эффективдүү, илимге негизделген терапия болуп эсептелет. Борбордо логопед-дефектолог бар, сенсордук интеграция бар, ата-энелери менен чогуу үйрөтүлүүчү эки сааттык ЛФК сабактары бар. Ата-энелерди да үйрөткөн АВА мектебибиз бар, массаж бар. Бул деген сөз ата-энелер бир жерден АВА терапияны окутуп, бир жерден массаж кылдырып, убакытын кетирбестен, бир борбордон эле комплекстүү жардам ала аларын билдирет»,- деди борбордун жетекчиси Алтын Базарбаева.
 
Б.Мамыт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз