Чаткалдагы Vertex Gold жана Full Gold Mining компанияларынын 30-40% үлүшү мамлекетке өтөт,- Ташиев

Чаткал районундагы тоо-кен ишканаларынын үлүштөрүнүн бир бөлүгү мамлекетке өткөрүлөт. Бул тууралуу 29-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, УКМК алтын казуучу Full Gold Mining компаниясынын ишмердигин текшерип, көптөгөн мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.
 
«Бүгүнкү күндө компаниянын 30% үлүшү мамлекетке өткөрүлүүдө, 30% толугу менен мамлекетке таандык болот. Бузуулар үчүн компенсация катары компания 20 миллион доллар, бул 1,7 миллиард сом төлөдү», — деди Ташиев.
 
УКМК ошондой эле Vertex Gold компаниясынын үлүшүн мамлекеттин эсебине өткөрүүнү пландоодо.
 
«Vertex Gold деген компания бар. Анын жок дегенде 30-40% үлүшү мамлекетке өтөт. Мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин, алардын кирешесинин бир бөлүгүн калкка өткөрүп беребиз. Болбосо болбойт, антпесе алар элди тоноп жатышат», — деди УКМК төрагасы.
 
Ташиев белгилегендей, Чаткалда иш жүргүзгөн ар бир тоо-кен компаниясы УКМКнын эсебинде турушу керек.
 
«Чоңбу, кичинеби — баарын текшерүү зарыл. Кирешеси канча, канча салык төлөп жатышат? Ошол кирешеден мамлекетке кандай үлүш тийип жатат?» — деп кошумчалады ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз