Сауд Арабия Кыргызстанда майып барларды турак-жай менен камсыз кылууну көздөй


18-февралда Социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров менен Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Ради Алради жолугушту.

Аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-гуманитардык кызматташуунун абалын жана калктын аярлуу катмарын колдоого алуу тууралуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек жана Ош шаарларында майыптыгы бар адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу жана реабилитациялык борборлорду куруу боюнча гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдан бери Сауд Арабиянын королу Салмандын гуманитардык борбору Кыргызстанга жыл сайын 25 тонна курманы бекер берип келет. Ал эми “Азык-түлүк кутуча” аталышындагы гуманитардык долбоордун алкагында аярлуу категорияларына азык-түлүк пакеттери таратылып келе жатат.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин буга чейинки маалыматы боюнча, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүүдө.

Азыркы учурда өлкө аймагында жалпысынан 199 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын ичинен 34 миңи балдар. Алардын көбүндө жүрөк кемтиги бар.

Майыптуулуктун эң чоң өсүшү төмөнкү патологияларда байкалат: Өнүгүүнүн тубаса аномалиялары (32,8%); нерв системасынын оорулары (20,3%), психикалык бузулуулар (15,3%).

2019-жылдын 1-январынан тартып республикада туруктуу сырттан камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багуу боюнча жеке жардамчы кызматы киргизилген жана ага айлык маяна каралган.

Жеке жардамчы ыктыярдуу патенттин жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисинин негизинде түзүлгөн келишимге ылайык кызмат көрсөтөт.

Ал эми эмгекке жарамсыз адамдар пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болот.

2022-жылдын 1-январына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жеке жардамчы кызматын көрсөткөндөрдүн саны 8200 адамды түзгөн.

2022-жылы 9-декабрда Бишкекеги “Айчүрөк” соода борборунун жанындагы жер астындагы өтмөктө “Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү күтүүдөбүз» деген девиз менен акция өткөрүшкөн. Алар деңиз пилин элестеткен кийимдерди кийип алышып, бийликтен тең укуктуулукту талап кылышты. Ошондой эле колдоруна «Күтүп жатам» жана башка жазуулары бар кагаздарды  кармап чыгышкан.

Ал иш чара 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата өткөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз