Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 3-5-июль күндөрү абанын температурасы 41 грасдуска жетет
Кыргызстандын аймагында 3-5-июль күндөрү аба ырайы өтө ысык болуп, абанын максималдуу температурасы бара-бара жогорулай турганы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй облусунун өрөөндүү жерлеринде күндүз абанын температурасы +35…+40° чейин көтөрүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41° чейин, Талас облусунун өрөөндүү жерлеринде +36…+38° чейин жетет.
Мындай аптаптуу аба ырайында организмдеги суу жетишсиздигин жана ысык өтүп кетүүнүн алдын алуу үчүн күн нурунан оолак болуп, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн мол сугаруу сунушталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.