Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага барды
Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барды, деп жазат "АКИпресс"
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Аны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы байланыштарды талкуулашат.
Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров Gulfstream G450 учагы менен учуп келген.
Кыргызстан өкмөтүнүн мамлекеттик учагы — Gulfstream G450 — Түркияда кайра каттоодон өткөн. Бул учакка 13 жыл болуп, 2025-жылдын март айында жаңы оператордун балансына алынган. Азыр ал TC-KRG деген каттоодо болуп, түрк компаниясы Zafer Air тарабынан пайдаланылууда. 2025-жылдын 20-апрелинде ал «HMZ» коду менен биринчи каттамын Анкара – Бишкек багыты боюнча жасаган. Мурда учак Сан-Маринодо катталган болуп, T7-ELIF деген каттоодо учуп келген, ал эми мурдагы оператору Mangrove Jet Solutions компаниясы болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.