Бийчи Жан Воинов бейбаштыкка шектелип кармалды
Бийчи Жан Воинов кармалды, деп 4-июлда «Сводка АКИpress» редакциясына Биринчи май райондук ИИБдин маалымат кызмат жетекчиси Алмаш Бекбоева билдирген.
Воиновго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча шек саналууда.
1996-жылы туулган Жан Воинов борбордун ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин Begemot Kyz деген ат менен белгилүү болгон блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында аны жана курбуларын сабап кетишкенин билдирген. Ал бул окуяга Воиновду, анын аялы Зарина Алмасованы жана Заринын инисин айыптаган.
Биринчи май райондук ИИБдин ыкчам кызматкерлери Воиновдун күйөө баласы Р.Аны бейбаштык жана каракчылык боюнча шек менен кармашкан.
Тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.