Улуттук банк насыя менен карыздын айырмасын түшүндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт

Нормативдик-укуктук актыларга ылайык, насыяларды Улуттук банктан насыя берүү боюнча лицензиясы бар коммерциялык банктар жана микрокредиттик уюмдар гана бере алышат. Бул тууралуу 2025-жылдын 4-июлунда Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча топтун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев билдирди, деп жазат "Тазабек".
 
Анын айтымында, карызды (зайым) юридикалык жактар да, физикалык жактар да бере алышат, бул акчаны карызга берүү сыяктуу эле нерсе.
 
Бирок, эгер юридикалык же физикалык жак айына эки жолудан ашык жолу карыз берсе, анда Жарандык кодекске ылайык, мындай ишмердүүлүк үчүн атайын лицензия алууга милдеттүү.
 
«Мында карыз адатта акча алынганын ырастоо үчүн тил кат менен расмийленет. Ал эми эгер сиз 50 миң сомдон ашык суммада карыз берсеңиз, анда бул тил кат нотариалдык күбөлөндүрүүсү да талап кылынат. Жалпысынан алганда, 1 миң сомдон жогору суммада карыз бергенде сөзсүз тил кат берүү керек. Коммерциялык банктар болсо насыя гана бере алышат, алар карыз берүүгө укуксуз», – деп тактады Мусуралиев.
 
Насыя берүүдө, адатта, акчаны колдонгондугу үчүн пайыздык төлөмдөрдү камтыган акы төлөнүүчү негизде насыя келишими түзүлөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз