Матраимовго тиешелүү имаратка Ош шаардык билим берүү башкармалыгы көчүрүлдү
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы мамлекетке өткөн мейманканасы билим берүү башкармалыгына берилди. Бул тууралуу маалыматты аталган башкармалыктын башчысы Салтанат Аматова тастыктаганын "Ош ТВ" жазды.
Анын айтымында, жаңы имаратка көчкөнүнө 15 күн болгон. 1468 чарчы метр жер тилкедеги эки кабаттуу имарат жайгашкан. Ал эми билим берүү башкармалыгынын эски кеңсеси мэриянын баласына өтүп, “Лотос” балдар үйүнө колдонууга берилүүдө. Учурда ремонт иштери жүрүп жатат.
Өткөн жылы жергиликтүү бийлик Райымбек Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү 15, 17 даректеринде жери бар экенин айткан. Алардын бири Супаналиев 17 дарегиндеги жер тилкедеги имарат мамлекеттин карамагына өткөнүн кабарлаган. Ал эми 15 дарегиндеги үйү мэрияга өткөн эмес жана эки курулуш жанаша жайгашкан.
Буга чейин Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үйлөрү жайгашкан жер «Балдар чыгармачыл борборуна» таандык экенин, аны мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатканын маалымдаган.
2024-жылдын январында Ош мэриясы Супаналиев көчөсүндөгү Матраимовдун үйүнүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын бузган.
Ошол эле жылдын февралында аталган үйдүн дарбазасында УКМКнын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр басылып турганы белгилүү болгон.
Мындан сырткары, Кара-Суу районунда Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы айтылган.
2024-жылдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев анын бардык мүлкү мамлекетке алынарын жарыялаган.
2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовго коррупция боюнча айыптап иш козголгон. Ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка кызматкерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзүүгө шектелген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төлөгөн.
Былтыр 25-мартта эл аралык издөөгө алынган Райымбек Матраимовду УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен бирге кармаган. Аны менен чоогу 3 бир тууганы Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган. Кийин алар үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Дээрлик 8 айга жакын тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.
Кийинчерээк УКМК төрагасы Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан бошотулганын айткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.