УКМК мурдагы кызматкерин алдамчылыкка шектеп кармады

2025-жылдын 7-июлунда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

УКМКнын кызматкерлери Бишкектеги Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехин аныкташкан, анда Түштүк Азиянын бир өлкөсүнүн жарандары жашап, иштеп жатышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, чет элдик жарандар Кыргызстанда уруксат кагаздарынсыз эмгектенип келишкен. Иликтөө маалында белгилүү болгондой, жайды ижарага алган ишкер өзүнүн маселесин чечип берүүнү убадалаган адамга ири суммадагы акча берген. Ал адам өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырган жана мигранттарды мыйзамдаштырууга, текшерүүлөрдөн «жабууга» жардам берем деп ишендирген. УКМКнын маалыматына ылайык, бул адам мурда УКМКда иштеген, бирок кызматтан алынганына карабастан, жеке ишкер менен байланышта болуп, маселени чечип берем деп алдап келген.
 
УКМК кызматкерлери акчанын кайтарылып берилген учурду катташкан, андан кийин мурдагы «чекист» өз убадасынан тайкып, аларды аткаруудан баш тарта баштаган. Бул факт боюнча КР Жазык кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү 4-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.
 
2025-жылдын 2-июлунда ал Бишкек шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөөнүн алкагында анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтенип жатат.
 
УКМК жарандарды сак болууга, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн атынан акча талап кылуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу же алдамчылык фактылары жөнүндө дароо тиешелүү органдарга кабарлоого чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз