Орусиялык тарыхчы Виктор Козодой УКМКга чакырылды
Виктор Козодой "Ош жаңырыгы" гезитинин редакциясында.
Кыргызстанга келген орусиялык тарыхчы Виктор Козодой Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаарындагы жана облусундагы башкармалыгы менен Ош облустук прокуратурасынын кызматкерлерине лекция өттү. Ал өзү соцтармактагы баракчасына жазгандай, жолугушуу укук коргоо кызматкерлери менен Козодойду тааныштырып, анын эмгектери тууралуу баяндамасын угуу үчүн уюштурулган.
Буга чейин ал УКМКга чакырылганы тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазган.
«УКМКга. Менин кичинекей эмгегиме жана кыргыздардын тарыхы боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүмө УКМК менен прокуратура олуттуу кызыгып, көңүл бурушту», - деп жазып, толугураак маалыматты кийинчерээк берерин белгилеген.
Виктор Козодой жана "Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозуев. Сүрөт тарыхчыга "Ош жаңырыгы" гезитинин 85 жылдыгына арналып чыгарылган медаль тапшыруу аземи учурунда тартылган.
Буга чейин ал кыргыз тарыхын изилдеп, “Сибирь кыргыздарынын беги Эренек” китебин чыгарган. Анын эмгеги коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрым кыргызстандык тарыхчылардын сын-пикирине туш болгон. Козодой ал сындарга биздин сайт аркылуу да жооп берген.
Ал быйыл жылдын башында “Сибир кыргыздарынын цивилизациясы” аталышындагы экинчи китебин жазып бүткөнүн жарыялаган. Китеп Сибирдеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгү тууралуу жазылган.
Виктор Козодой 4-июлда Ош шаарына келип, бир катар жолугушууларды өткөрүп жүргөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.