Балыкчынын мэрине жана мэриянын кызматкерлерине жүрүм-турум этикасын түшүндүрүштү
Мамлекеттик кызматтар боюнча мамлекеттик агенттик Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев жана мэриянын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Анда иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык этика жана кызматтык коммуникация маселелери талкууланды, деп жазат "АКИпресс".
Агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чара мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү жана жамаатта оң атмосфера түзүү максатында уюштурулган.
Жолугушууда мэриянын кызматкерлери менен ачык диалог жүрүп, мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум кодекси, кесиптик этика, стресске туруштук берүү жана жамаат ичиндеги мамиле боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиевдин коомчулукта сынга алынган маегине байланыштуу комментарий берген. Ал маекте Кермалиев дайындалгандан бери үчүнчү сутка уктабай жатканын, дайыма телефон чалуулар болуп жатканын айткан. Ал Балыкчынын пляжы боюнча суроого жооп берип жатып, Зевс менен Посейдондун айкелдерин атайын «хайп» болуш үчүн тандаганын белгилеп, «мени каалаган учурда алып кетишет» деп тамаша менен кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Султан Кермалиев 2-июлда Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.