Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды, деп жазат "АКИпресс".
Президенттин учагы Душанбе шаарынын аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, тараптар бири-бирин саламдаган соң, улуттук кийимчен жаштар жана кыздар эки президентти тосуп алышты. Андан кийин мамлекет башчылары үчүн 500дөн ашуун артистер катышкан кыскача концерттик программа тартууланды.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле өлкөнүн парламентиндеги эки палатанын төрагалары жана премьер-министри менен жолугушуулар пландалган.
Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Андан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.