Ноокаттагы эс алуу жайдагы аттракциондорго айып пул салынып, 6 аттракцион ишин токтотту
Ноокаттагы «Сахаба» эс алуу жайындагы аттракциондор коопсуздук нормаларына жооп бербегени үчүн 20 миңден 160 миң сомго чейин айып пул салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимов билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анын айтымында, “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин” талаптарына жооп беришин көзөмөлгө алуу максатында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылып, Ош шаарындагы жана Ноокат районунун «Сахаба» эс алуу жайындагы аттракциондорду пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Бүгүнкү күндө текшерүүдө “Укук бузуулар” жөнүдөгү кодексинин 274-3-беренесинин негизинде “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу” фактысы менен Ош шаарындагы 8 аттракционго 20 миң сомдон, 160 миң сом айыптар салынды»,- деди ал.
Ошондой эле, Мамыраимов кошумчалагандай, “Сахаба” эс алуу жайындагы тиешелүү иш кагаздарын көрсөтө албаган 6 атракционго эскертмелер берилип, мыйзам талаага келгенге чейин убактылуу ишкердүүлүктөрү токтотулду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.