Кыргызстанда ЖМК же интернет аркылуу жалган маалымат тараткандарга чара колдонулат. Мыйзам качан күчүнө кирет?

Президент Садыр Жапаров "Бузуулар жөнүндө кодекске" өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду, деп жазат "АКИпресс".

Документтин негизинде 15-бөлүм жаңы 109³-берене менен толукталды. Ал ЖМК же интернет аркылуу жалган (чындыкка дал келбеген) маалыматты жайылткандарга карата административдик жоопкерчиликти карайт.
 
Жаңы нормага ылайык, эгер мындай аракеттер коомдук тартипке, жарандардын же уюмдардын укуктарына зыян келтирсе, бирок кылмыштын белгилерин камтыбаса, анда төмөндөгүдөй айып пул салынат:
 
жарандар үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом),
 
юридикалык жактар үчүн — 650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом).
 
Мындан сырткары, Кодекстин 454 жана 456-беренелерине да тиешелүү техникалык оңдоолор киргизилди. Мыйзам 18-июлдан тарта күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз