Сокулук архитектура башкармалыгынын кызматкери иш учурунда компьютердик оюндарды ойногону үчүн жумуштан четтетилди
Социалдык тармактарда Сокулук району боюнча Курулуш жана архитектура башкармалыгынын кызматкери иш учурунда компьютердик оюн ойноп отурган видеосу тарады.
Курулуш жана архитектура департаментинин маалыматына ылайык, бул окуя 2025-жылдын 8-июлунда болгон.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесине (Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу (өз каалоосу менен)) ылайык, М.Н.Н. аттуу кызматкер 2025-жылдын 10-июлунан тарта долбоорлоо бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулган.
Ошондой эле, Министрлик аталган башкармалыктын жетекчисине карата тартиптик жаза чарасы көрүлөрүн кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.