Ош менен Бишкектин башкаруу тартиби өзгөрдү. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында айтылат.

Мыйзам 2025-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
 
Бул Мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.
 
Ушул мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
 
 Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин компетенцияларын тактоо;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрияларынын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү тартибинде жаңыртуулар;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин ыйгарым укуктарын конкреттештирүү;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптарды толуктоо;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордуна дайындоонун тартибин белгилөө;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлерин кызмат ордунан бошотуунун тартибин тактоо;
 
 Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин орун басарларын дайындоо тартибин аныктоо.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз